Учурдагы жаңылыктар

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) тажрыйба алмашуу максатында Баткен облусунун Лейлек районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун демилгечил топторунун алмашуу сапарларын уюштурду. 20-ноябрда Исфана шаарына Кочкор айылдык кеңешинин спикери баш болуп Кочкор районунун демилгечил топторунун 4 мүчөсү келишти. 27-ноябрда ага жооп кылып Кочкор айылына Исфана шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси башында турган Лейлек районунун демилгечил топторунун 5 мүчөсү келди. Жолугушуулар Исфана шаарынын мэринин, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин спикеринин, Элге билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн, райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн, Баткен жана Нарын облустук юстиция башкармалыгынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
 
Кочкордо болгон жолугушууда катышуучулар айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин башчысына түздөн-түз суроолорун беришип, Теңдик айылын таза суу менен камсыз кылуу боюнча пландарды жана калкка жерлерди бөлүштүрүү боюнча маалымат берүү маселелерин талкуулашты. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы демилгечил топтордун ишинин маанилүү экендигин белгилеп, Теңдик айылында суу маселесин илгерилетүү үчүн демилгечил топтордун тизмесин берүүнү сурады. Жолугушуу учурунда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен бирдикте USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) тарабынан иштелип чыккан укуктук маселелер боюнча окуу куралдары презентацияланды жана берилди. Болжол менен 130 адам тажрыйба алмашуу боюнча жолугушууларга катышты.
 
Photo 1 Ruslan makes opening remarks in Kochkor exchange visit from Isfana 27 11 2019

Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу Биргелешип башкаруу программасынын директору Руслан Молдокасымов алмашуу сапарынын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөөдө.

Photo 2 Exchange visit of Leilek CIGs to Kochkor Rayon Naryn Oblast 27 11 2019

Баткен облусунун Лейлек районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун демилгечил топторунун өкүлдөрүнүн 2019-жылдын 27-ноябрында Кочкор шаарындагы жолугушуусу.

Photo 3 manuals on legal issues CGP handed over 27 11 2019

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен бирдикте ББП тарабынан иштелип чыккан укуктук маселелер боюнча окуу куралдарынын презентациясын өткөрдү жана демилгечил топко тапшырды.

Photo 4 head of Administration of Isfana Mayors Office left head of Kochkor rural municipality ayil okmotu

Исфана шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси (солдо) Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы (оңдо) менен жер маселелери боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Photo 5 Head of Naryn Justice Department Q and A on FLAC

Нарын облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси катышуучулардын Акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбордун ишине байланышкан суроолоруна жооп берүүдө.

Photo 6 School students sharing experience on fundraising Kochkor

Мектеп окуучулары бак-дарактарды отургузуу үчүн фандрейзинг өткөрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

20-ноябрда Баткен облусунун Исфана шаарында USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Исфана шаарынын мэринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Элге билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн, райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн, Баткен облустук юстиция башкармалыгынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Баткен облусунун Лейлек районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун демилгечил топторунун жолугушуусун өткөрдү.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө демилгечил топтор өздөрүнүн ишинин жыйынтыктарын презентациялашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен бирдикте ББП тарабынан иштелип чыккан укуктук маселелер боюнча окуу куралдарынын презентациясы болуп өттү.
 
Ушундай эле жолугушуу 27-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында болот.
 

 5c719c97 c9b6 4327 939f 5c5dc3133051

Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу Биргелешип башкаруу программасынын директору Руслан Молдокасымов алмашуу сапарынын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөөдө.

.

IMG 2000

Баткен облусунун Лейлек районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун демилгечил топторунун өкүлдөрүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы жолугушуусу.

IMG 2005

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен бирдикте ББП тарабынан иштелип чыккан укуктук маселелер боюнча окуу куралдарынын презентациясын өткөрдү жана демилгечил топко тапшырды. 

Бишкек – Судья-аялдардын кыргыз ассоциациясы жумуш ордунда аялдарга жана кыздарга карата сексуалдык асылуу  (харасмент) масштабы жөнүндө жаңы изилдөөнүн бетачарына журналисттерди чакырат. Бул Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан биринчи изилдөө, ал USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда өткөрүлүүдө. Презентация ушул жылдын 22-ноябрында саат 14.30дан 18.00гө чейин Бишкек шаарындагы Парк-отелде өтөт (Орозбеков көч., 87).
 
Журналисттерге изилдөөнүн төмөнкүдөй жыйынтыктары менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берилет: көйгөйдүн жайылганы, сексуалдык асылуунун түрлөрү жана формалары, ошондой эле асылуунун кесепеттерине эксперттик баа берүү. Ассоциация ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында талкуулоо жүргүзүү үчүн изилдөө боюнча сунуштамаларды берет.
 
Изилдөө мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарында, чакан жана орто бизнесте иштеген аялдарды жана кыздарды, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттерин сурамжылоонун негизинде “Сексуалдык асылууда сот адилеттигине жетүүдө аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
 
Конференцияда төмөнкүлөр сөз сүйлөшөт: КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Эльвира Сурабалдиева жана Айсулуу Мамашева, КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Гэри Линден.
 
Аккредитация алуу үчүн байланышуу: Зульфия Турумбекова, Судья-аялдардын кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору, эл. почтасы: kawjoffice@gmail.com, zulya2007@inbox.ru, моб.: 0555 333 217.
 
USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.
 

[1] Сексуалдык асылуу - эмгектик, кызматтык, материалдык, үй-бүлөлүк жана башка көзкаранды болгон адамды оозеки жана күч колдонуу менен кордоочу жана мазактоочу сексуалдык мүнөздөгү аракеттер (Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын 1-беренеси).

2019-жылдын 22-ноябрында Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы университеттерде жана жумуш ордуларында жасалуучу сексуалдык асылуу жөнүндө изилдөөнүн жыйынтыктарын көрсөттү. Изилдөөнүн алкагында сурамжыланган аялдардын үчтөн экисинен көбү сексуалдык асылуу проблемасы бар экендигин моюнуна алып, ошол эле убакта ар бир төртүнчү аял сексуалдык асылууга өзү туш болгондугун билдирди.
 
Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда өткөрүлгөн изилдөөнүн алкагында Ассоциация Бишкекте, Кара-Балтада, Ошто жана Токмокто түрдүү жумуш ордуларында жана жогорку окуу жайларында 877 аялды жана кызды анонимдүү сурамжылады. Сурамжылангандардын көпчүлүгү проблема бар десе; 23% иштеген аял киши жана 21,9 студент кыздар алар сексуалдык асылууга өздөрү туш болушкандыктарын билдиришкен. Изилдөө асылуулардын 80 пайызы мамлекеттик мекемелерде болоорун көрсөттү.
 
Респонденттердин басымдуу бөлүгү ушул проблема менен кайда кайрылуу керектигин билбей, билген күндө да көпчүлүгү элдин талкуусуна алынуудан коркушкандыгын билдирген. Көпчүлүк учурда аялдар жардам жана кеңеш сурап өздөрүнүн курбуларына кайрылышкан (48,4%) жана мында укук коргоо органдарына кайрылган бир да учур болгон эмес.
 
Изилдөөнүн жыйынтыктары мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын 100дөн ашык өкүлүнүн, жарандык коомдун, судьялардын жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын катышуусу менен өткөн тегерек столдун учурунда талкууланды.
 
Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясынан Чинара Айдарбекованын айтымында, көп учурда сексуалдык асылууларга жаш келиндер жана кыздар дуушар болушат. “Изилдөө жөнүндө отчетту окуп капа болосуң. Анда аял кишилер башынан өткөргөн асылуулардан кийин өздөрүн алсыз сезишип, кемсинтилип, ишке болгон кызыкчылыгын жоготушканын айтышат”, - дейт Чинара Айдарбекова.
 
Изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде, бул көйгөйдү чечүү үчүн, Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, жумуш ордунда колдонулушу мүмкүн болгон ар түрдүү алдын ала эскертүүчү чараларды иштеп чыкты.
 
USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.
 Roza Begmatovna Kubatalieva Gary Linden Elvira Surabaldieva Aida Ismailova MPs

Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор, КР Юстиция министрлиги жана донор уюмдар менен өнөктөштүктө калктын сот адилеттиги системасы жана жалпысынан укуктун үстөмдүүлүгү жөнүндө кабардар болуусун жогорулатып, ошондой эле калктын аялуу катмары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары үчүн сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүүгө көмөктөшүү менен Кыргызстанда укуктун үстөмдүүлүгүн илгерилетүүнү колдойт. ББПнын иши тууралуу кыйла кенен төмөнкү видеороликтен көрсөңүздөр болот: