2017-жылдын 7-сентябрында USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясы өлкөнүн бардык регионунда жайгашкан 24 мектептин жогорку класстарынын окуучулары үчүн Кыргыз Республикасында сот системасы тууралуу мейман лекцияларынын сериясын баштады. Алгачкы лекциялар Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 5 орто мектепте өттү, ага 9-11-класстардын 653 окуучусу катышты. Бул мейман лекциялары судьялар менен көзмө-көз баарлашуу аркылуу мектеп окуучуларынын сот системасы жөнүндө билим деңгээлин жана алардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана сот системасына болгон коомдук ишенимди арттырууга багытталган. "Лекцияларга активдүү жаш балдар келишти, алар кээде оор суроолорду беришип, жооп бериш кыйын болду. Мисалга алсак, алар мамлекеттик түзүлүш, соттор деген эмне жана алар кандай иштешээри жөнүндө, укуктары менен эркиндиктери басмырланган учурда кайда кайрылуу керектиги, өзүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн адвокат жалдоого мүмкүнчүлүгү жок болгон адамдарга ким юридикалык жардам бериши керектиги тууралуу сурашты. Эл менен, атап айтканда мектеп окуучулары менен ушундай эркин баарлашуу аркылуу биз калктын укуктук маданиятын жана өлкөдө сот системасына болгон ишенимди жогорулата алабыз деп ойлойм", - деди КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы, Талас облусунда болгон мейман лекцияларынын лектору Чынара Айдарбекова.

Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда өлкөнүн калган региондорундагы жогорку класстардын окуучуларынын сот системасы тууралуу билимин жогорулатуу боюнча мейман лекцияларды өткөрүүнү уланта берет. Төмөнкү шилтемеден өткөрүлгөн мейман лекциялары тууралуу видеорепортажды көрө аласыздар: https://youtu.be/TZzska8eH-E

Photo 1 Chinara Aidarbekova Talas School IMG 1938

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чынара Айдарбекова мектеп окуучуларына "Мен Кыргызстандын сот системасы жөнүндө билем" деген китепче тууралуу айтып берүүдө, ал китепче жогорку класстардын окуучулары үчүн атайын иштелип чыккан

Photo 2 GL Meder Garry Chinara kids IMG 1946

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чынара Айдарбекова (оңдо), USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын директору Гэрри Лэдбеттер (ортодо) жана ББПнын укуктун үстөмдүүлүгү боюнча компонентинин менеджери Медер Дастанбеков (солдо) Талас шаарындагы № 3 мектепте болгон мейман лекциясы учурунда жогорку класстардын окуучулары менен

Photo 4 Talas school 3 Sept. 8 IMG 1926

"Араңыздардан кимиңиздер мобилдик интернет аркылуу маалымат аласыздар?" деген лектордун суроосуна көпчүлүк окуучулар колдорун көтөрүштү

 задаPhoto 3 GL Girl asks questions IMG 1884ет 

Талас шаарындагы № 3 мектептин окуучу кызы анын укугу бузулган учурда кайсы сот органдарына кайрылуу керектиги жөнүндө мейман лекциясы учурунда суроо берип жатат