2018-жылдын 18-сентябрында министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун 60тан ашык өкүлү “Социалдык заказды өнүктүрүү тажрыйбасы жана келечектери” конференциясына катышып, анда муниципалдык деңгээлде мамлекеттик социалдык заказдын жаңы механизмин ишке ашыруудагы ийгиликтерди, ошондой эле аны өнүктүрүүнүн андан аркы келечектерин талкуулашты.
 
Иш-чара мезгилинде Баткен жана Кочкор-Ата шаарларынан келген өкүлдөр жарандык коом уюмдарынын катышуусу менен өздөрүнүн коомчулуктарынын артыкчылыктуу проблемаларын чечүүдө мамлекеттик социалдык заказды колдонуунун кайталангыс тажрыйбасы менен бөлүшүп кетишти. Катышуучулар ошондой эле бул тажрыйбаны башка муниципалитеттерге жайылтуунун жана аны улуттук деңгээлге чейин кеңейтүүнүн жолдорун талкуулашты.
 
“Мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы жана аны менен байланышкан мыйзам актылары 2017-жылы кабыл алынган, бул Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мекемелерге коомдогу ар түрдүү проблемаларды чечүү үчүн жарандык коом уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга мүмкүндүк берди. Өнүгүү саясаты институту (ӨСИ) жана USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” долбоорунун алкагында жаңы мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен иштеп келе жатат.
Presidium DPI conference

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын (солдон оңго), КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, “Өнүгүү саясаты институту” мекемесинин жана Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын өкүлдөрү “Социалдык заказды өнүктүрүү тажрыйбасы жана келечектери” темасы боюнча конференцияга катышты.

Gary MD Jyldyz speaks Nadya IMG 0347

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы долбоорлорун башкаруу боюнча адис Махаббат Алымкулова (солдон оңго), USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Гэри Линден, КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова сөз сүйлөп жатат жана “Өнүгүү саясаты институту” мекемесинин директору Надежда Добрецова “Социалдык заказды өнүктүрүү тажрыйбасы жана келечектери” темасы боюнча конференцияда.

Gary Linden Jyldyz Polotova IMG 0371

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Гэри Линден (солдо) куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат жана КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова “Социалдык заказды өнүктүрүү тажрыйбасы жана келечектери” темасы боюнча конференцияда.

Ibadat Aikynova Batken

Баткен шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча адиси Ибадат Айкынова муниципалдык деңгээлде мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүштү.

CSO speaking IMG 0588

Жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү конференциянын ишине активдүү катышты жана МСЗнын маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн андан аркы келечектерин талкуулашты.

Batma Estebesova CSO leader speaks IMG 0573

Жарандык коомдун өкүлү Батма Эстебесова Кыргыз Республикасында МСЗны андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча комментарийлерин айтты.