2019-жылдын 23-апрелинде “Тайлан Нур” коомдук демилгелүү тобунун (КДТ) мүчөлөрү коомчулуктун маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Исфанада алгачкы жолугушуу өткөрдү. Жолугушууучурунда КДТнын мүчөлөрү жол кыймылынын коопсуздугу жана жерди ачык-айкын бөлүштүрүү менен байланышкан эки демилгени көтөрдү. Исфана шаарынын мэриясы жолугушууга мэриянын аппарат жетекчисин, шаар транспорттук департаментинин башчысын, жер маселелери боюнча жашкы адисин жана Исфана шаарынын жергиликтүү кеңешинин мүчөлөрүн чакырды. Жерди бөлүп берүү маселеси боюнча КДТга жер бөлүп берүүгө кезекте турган бардык адамдар боюнча маалымат берүүнү сунушталды, ал эми мэрия өзүнүн маалыматтар базасын текшерип, андан соң эмне үчүн кээ бир адамдар жер маселесинин чечилишин башка адамдарга караганда көбүрөөк күтүшөөрүнүн себебин аныктоого макулдугун берди. КДТ 10 жылдан ашык иштегенине карабастан бул жолугушуу коомчулуктун маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен алгачкы жолугушуу болду.

Photo 1 CIG members address issues

КДТнын жетекчиси Гульсунай Абдумомунова (оң тарапта акыркы турат) Тайлан айылында жерди ачык-айкын бөлүштүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугу менен байланышкан маанилүү маселелерди көтөрүүдө.

Photo 2 Meeting Mayor Office

Шаар транспорттук департаментинин башчысы Устажан Наврузов (солдон экинчи) жолугушуунун катышуучуларына Тайлан айылында жол коопсуздугун жакшыртуу үчүн бөлүнгөн бюджет жана пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалымат берүүдө.

.