2014-жылдын 13-декабрында 20дан ашык катышуучу, анын ичинде орто мектептин окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү жана окутуучулар Чинара Ашимованын "Үч саат дизайн" деген аталыштагы мастер-классына активдүү катышты.

Team work-P1016102

20дан ашык окуучу, ата-эне жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү розалардын, открыткалардын жана башка жасалгалардын дизайнынын жана аларды даярдоонун сырларын билүү үчүн бирге чогулушту

Үч саат бою катышуучулар жасалгалардын, куттуктоо открыткаларынын дизайн сырларын үйрөнүшүп, түстүү кагаздарды, клейди, ийне-жипти жана башка ар кандай түстүү тасмаларды колдонуу менен түрдүү жасалгаларды жасоо көндүмдөрүнө ээ болушту. Роза Отунбаеванын демилгесинин Эл аралык фонду жогорку класстарда окуган 12 окуучунун катышуусун уюштурду, бул алардын мектепте жана башка жерлерде коомдук иш-чаралардын дизайнынын жана жасалгалоонун көндүмдөрүнө үйрөтүү, ошондой эле өздөрү жасаган открыткаларда Жаңы жыл жана башка майрамдар менен куттуктоо жөнөтүшү үчүн уюштурулду. Катышуучулар открыткаларды, розаларды жана башка жасалгаларды жасаганга курсант болушуп, башка декорация менен жасалгалардын дизайн сырын билүү үчүн дагы бир нече семинар өткөрүүнү суранышты. "Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу" ресурстук борбору Кыргыз улуттук университетинин алдындагы эл аралык мамилелер факультети менен бирдикте оюнчуктарды, мектепке таандык буюмдарды, таттууларды жана момпосуйларды сатып алууга каражаттарды, спорттук буюмдарды чогултушуп, кайрымдуулук акциясын жарыялады. Уюштуруучулар кайрымдуулук акциясы учурунда бардык чогултулгандарды открыткалар жана башка жасалгалар менен 2014-жылдын 25-декабрында, бейшемби күнү Беловодсктогу балдар үйүндө жашаган балдарга жеткирип берүүнү пландаштырууда.

Students-learning with interest-P1016072

Окуучулар открыткалардын дизайнынын жана аларды даярдоонун сырларын кызыгуу менен үйрөнүшүүдө

chynar teaching-students-P1016213

Чинара Ашимова мыкты машыктыруучу – катышуучулар аны менен бирге роза жасаганды үйрөнүшүүдө

Gulshat and Yrys-roses-P1016058

Гүлшат Мааткеримова, Биргелешип өнүктүрүү боюнча Программанын жогорку билим берүү боюнча менеджери (солдо) жана Ырыс Бейбутова, КЭУБ ресурстук борборунун координатору жана КУУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы розаларды даярдоонун сырларын кызыгуу менен үйрөнүшүүдө

Trying hard-P1016125

Окуучу кыз өзүнүн биринчи открыткасынын дизайнына катуу суктанууда

team and postcards for kids in orphageP1016238

Катышуучулар мастер-класстын аягында ынак команда болуп калышты – өздөрү жасаган открыткалар менен чогуу түшкөн сүрөт

Post Card created-P1016170

Жаңы жылдык куттуктоо үчүн биринчи открытка даяр

roses-post cardP1016169

Сиздер үч саат дизайндын жыйынтыктарынын бирин көрүп жатасыздар

Hand made roses-P1016110

Өз колуң менен жасаган розалар эң сонун!