2015-жылдын 10-11-апрелинде Ош мамлекеттик университети КЭУБ боюнча курстарды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде университеттерди колдоо максатында КЭУБдун Ресурстук борборун салтанаттуу түрдө ачты. Борбор студенттерди, профессордук-окутуучу курамды жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле менчик жана мамлекеттик секторлорду тартуу менен мейман лекциялары, конференциялар жана дискуссиялар үчүн платформа болот.

Ribbon-cutting-Ann-Osh-Rector-Gulshat-IMG 0309

USAID/Кыргыз Республикасы, демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн директору Анна Хоппер, ОшМУнун проректору Абдуганы Абдувалиев, USAID/ББПнын жогорку билим берүү боюнча адиси Гүлшат Мааткеримова ОшМУдагы КЭУБдун Ресурстук борборун салтанаттуу ачуу үчүн лентаны кесип жатышат

 

Ош мамлекеттик университетинин проректору Абдуганы Абдувалиев, USAID/Кыргыз Республикасы, демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн директору Анна Хоппер, USAID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу боюнча программанын (ББП) директору Марк Грабб жана КЭУБ боюнча университеттер консорциумунун координатору Ырыс Бейбутова КЭУБдун Ресурстук борборун ачуу аземинде куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү, ошондой эле лентаны кесүү аземине катышып, кесиптик өнүгүүнүн биринчи семинарын (КӨС) ачышты. КӨСкө Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү университеттерден келген 20 профессор жана окутуучу катышты. Ош, Жалал-Абад жана Баткен университеттеринин студенттерин, профессордук-окутуучу курамын, ректорлорун жана проректорлорун, жарандык коом лидерлерин, USAIDдин жана Ист-Вест Менеджмент Институттун өкүлдөрүн кошо алганда жүздөн ашык катышуучу КЭУБ боюнча билим берүүнүн ролуна, жарандык коомдун, мамлекеттик жана менчик сектордун ортосундагы кызматташууга тиешелүү «Суроолор жана жооптор» сессиясына жана ачылыш аземине катышты.

ОшМУнун ректору, факультеттин деканы, башка университеттердин ректорлору колдогон атмосфера, майрамдык даярдалган жасалгалоо жана музыка – ушунун бардыгы ОшМУдагы КЭУБдун Ресурстук борбору КРдин түштүгүндө КЭУБ боюнча билим берүүнү илгерилетүү үчүн борбор болуп калды деген майрамдык маанайды жана сыймыктануу сезимин жаратты.

USAID/ББП кесиптик өнүгүү семинарларын жана консорциумдун университеттерин колдоо боюнча гранттар аркылуу ОшМУда жана КУУда ачылган КЭУБдун Ресурстук борборлорун колдойт.

Osh-SU-Vice-Rector-Abduvaliev-IMG 0250

ОшМУнун проректору Абдуганы Абдувалиев 2015-жылдын 10-апрелинде КЭУБдун Ресурстук борборунун ачылышынын салтанаттуу аземин ачууда

Anna-remarks-closer-IMG 0257

USAID/Кыргыз Республикасы, демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн директору Анна Хоппер куттуктоо сөзү менен чыгууда, анда Кыргызстандын түштүгүндө КЭУБ боюнча билим берүүнү илгерилетүүдө КЭУБдун Ресурстук борборунун маанилүү ролун белгилеп кетти

OshSU-student-remarks-IMG 0287

ОшМУнун студент кызы куттуктоо сөзүндө өзүнүн тажрыйбасы жана бир жыл бою ийгиликтүү барган КЭУБ боюнча жаңыдан киргизилген курстар жөнүндө ой-пикири менен бөлүштү

Students-professors-USAID-SCOs-private-rep-IMG 0276

Университеттин студенттери, профессорлор, ЖКУлардын өкүлдөрү меймандардын сүйлөгөн сөздөрүнө көңүл коюп жана кызыгуу менен угушууда

Baktygul-Solmoorbek-opening-1st-NPM-PDW-in Osh-IMG 0350

ОшМУнун профессору Бактыгүл Максытова жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Солмоорбек Уметов КЭУБдун жаңы Ресурстук борборунда Кесиптик өнүгүүнүн биринчи жумушчу семинарын ачууда

PDW-participants-together-Mark-IMG 0565

Кесиптик өнүгүүнүн биринчи жумушчу семинарынын катышуучулары USAID/ББПнын директору Марк Грабб, КЭУБ боюнча Университеттердин консорциумунун координатору Ырыс Бейбутова жана жогорку билим берүү боюнча менеджер Гүлшат Мааткеримова менен

Guests-Conference Hall-meeting-IMG 0422

ЖКУлардын мүчөлөрү, студенттер, профессордук-окутуучу курам «Суроолор жана жооптор» сессиясы убагында

Baktygul-Maksytova-PDW-IMG 0597

ОшМУнун профессору Бактыгүл Максытова Кесиптик өнүгүүнүн биринчи жумушчу семинарынын катышуучуларына эки күндүк иш планын жана семинардын күтүлүүчү натыйжаларын көрсөтүүдө

Joint-Photo-NPM-PDW-professors-IMG 0483

«Суроолор жана жооптор» сессиясынан кийин КЭУБ боюнча Кесиптик өнүгүүнүн биринчи семинарынын катышуучуларынын жана меймандардын биргелешип түшкөн сүрөтү

Mark-with-OshSU-students-IMG 0495

«Суроолор жана жооптор» сессиясынан кийин USAID/ББПнын директорунун ОшМУнун студенттери менен эстеликке түшкөн сүрөтү

Students-asked-Qs-requests-IMG 0442

Студент USAID/ББП сыяктуу эл аралык программаларда жана Бишкекте башка университеттер менен практикадан өтүү мүмкүндүгү жөнүндө суроо берип жатат

Rector-Dean-Irys-Anna-Mark-Fatima-QA-session-SCO-students-faculty-IMG 0423

ОшМУнун бизнес жана башкаруу факультетинин деканы Авазбек Асанов (солдон оңго), ОшМУнун проректору Абдыганы Абдувалиев, КЭУБ боюнча Университеттердин консорциумунун координатору Ырыс Бейбутова, USAID/Кыргыз Республикасы, демократия боюнча бөлүмдүн директору Анна Хоппер, USAID/ББПнын директору Марк ГРабб жана USAID ББПнын коомчулук менен байланыш боюнча адиси Фатима Касмахунова «Суроолор жана жооптор» сессиясында