2015-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын СПИД республикалык борборунда саламаттык сактоонун билим берүү маселелери боюнча иштеген Тынчтык Корпусунун волонтеру Лариса Озерянски дүйнөнүн 17 өлкөсүндө жарандык коом уюмдары менен иштөөдөгү өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн КУУнун эл аралык мамилелер факультетине барды. Бул презентация "Азыркы дүйнөдөгү коммерциялык эмес уюмдар" темасында коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча 2-курсту окуп жатышкан 4-курстун студенттери үчүн даярдалган.

Larisa is glad to share her experiences overseas-with CSOs-IMG 9306

Тынчтык Корпусунун волонтеру Лариса Озерянски ЖКУ менен болгон өзүнүн эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

 

 

Лариса Джордж Вашингтондун Университетинин жана Эмори Университетинин эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча коомдук саламаттык сактоонун магистринин даражасын алган, ошондой эле анын Джорджия штатынын Атланта шаарындагы Оглеторпа Университетинде биологияны окутуу боюнча тажрыйбасы бар. Лариса өзүнүн сөзүндө Латын Америка өлкөлөрүндө, анын ичинде Эквадордо (2008), Никарагуада (2009) жана Гватемалада (2011) бир эле учурда окуп жана жардам берүү менен алган өзүнүн баалуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал маанилүү билим берүү, экологиялык долбоорлордун, анын ичинде калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жашоо-турмушуна жакшы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү долбоорлордун бир бөлүгү болгон өзүнүн тажрыйбасы жөнүндө айтып кетти. Студенттерге Ларисанын Кыргыз Республикасынын СПИД республикалык борборундагы волонтердук тажрыйбасы, ошондой эле Оштогу "Мама +", Бишкектеги Indigo жана К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасындагы окуу клубу сыяктуу башка уюмдардагы иш тажрыйбасы жөнүндө билүү кызык жаратты. Мейман лекциясы "Суроо-жооп" сессиясы менен аяктады, ал өткөрүлүп жаткан убакта студенттер башка өлкөлөрдөгү жарандык коом уюмдарына (ЖКУ), ошондой эле Ларисанын Кыргызстандагы ЖКУлар менен иш тажрыйбасына жана анын келечектеги пландарына байланышкан көптөгөн суроолорду беришти.

Ларисанын волонтердук тажрыйбасы Кыргызстандын студенттери Кыргызстанда жарандардын жашоо-турмушуна оң таасир этүүчү мыкты багытты карай узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү түзүүнүн бир бөлүгү болуп калышы үчүн аларга абдан жакшы үлгү болуп саналат.
Бул мейман лекциясы КЭУБ боюнча университеттердин консорциуму жана КУУда КЭУБ ресурстук борбору аркылуу USAID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу боюнча программа тарабынан колдоого алынган КЭУБ боюнча билим берүүнү илгерилетүүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет.

all-to-add-IMG 9313

Бардык студенттер Лариса Озерянскинин жогорку класстарда окуп жүргөн кезиндеги 2003-жылдан тартып өз өлкөсүндө жана чет өлкөлөрдө алган волонтердук тажрыйбасын көңүл коюп угушууда.

nice photo-team-Baktygul-Larisa-all-IMG 9484

Лариса Озерянски КУУнун 4-курсунун студенттерине Тынчтык Корпусунун волонтеру катары өзүнүн эл аралык тажрыйбасы тууралуу айтып берүүдө.

Ecuador-2008-IMG 9340

Мейман лекциясы убагында Лариса Озерянски Эквадордогу өзүнүн волонтердук тажрыйбасы жана ушул өлкөдөгү ЖКУлар менен иштегендиги тууралуу айтып берүүдө.

High School Experience with Habitat for Humanity-US-CSO-IMG 9431

Ларисанын волонтер катары Habitat for Humanities менен болгон тажрыйбасы 2003-2007-жылдары жогорку класстарда окуп жүргөн кезинде эле башталган.

Interested-surprised-amazed-IMG 9411

Студенттер меймандын айткандарына кызыгып, кубануу менен көңүл салып угуп жатышты.

Kyrgyzstans experience-IMG 9394

Лариса Озерянскинин Кыргызстанда Тынчтык Корпусунун волонтеру катары тажрыйбасы (2013-2015).

Applauding-Larisa-IMG 9437

Студенттер Ларисага анын чет өлкөдө ЖКУлар менен каарман эмгеги үчүн кол чаап жатышат.

Larisa conquered all students attention with her experience and devotion- IMG 9466

Ларисанын айткандары бардык студенттердин жана окутуучулардын көңүлүн бурду.

Listening and taken away by Larisas life story-IMG 9370

Ларисанын волонтердук турмушундагы кызыктуу жана оор учурлар жөнүндө кызуу аңгемеси студенттерди өзүнө тартып турду.

Much interest and respect to Larisa at the end of the guest lecture-IMG 9454

Мейман лекциясы убагында студенттер Ларисанын айткандарына кызыгып, түшүнүп жана урматтоо менен угуп жатышты.

Students listen with interest to PC Volunteer-IMG 9271

Студенттер Ларисаны жаш кезинен тартып эле чет өлкөлөрдө баалуу жана кайраттуу тажрыйба алгандыгына суктануу менен карашат.

Qs-As-Session-IMG 9461

Студенттер «Суроо-жооп» сессиясы убагында көптөгөн суроолорду беришти.

Q-A-session-IMG 9491

Студенттер лекция убагында да суроо берип жатышты

Applauding-Larisa-IMG 9437

Лариса мыкты презентация жасап, чет өлкөдө өзүнүн ЖКУлар менен жакшы жана баалуу эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн студенттер кол чаап жатышат.