Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!

"Атуул" КБсы, "Менеджмент боюнча консультанттар институту" КБсы, "Промотанк Эн Пи" КФсы өнөктөш уюмдары Сиздерди "Таламдардын кагылышуусу" мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо" тегерек столуна чакырат, ал 2015-жылдын 18-июнунда бейшемби күнү саат 14:00-16:20га чейин КР Экономика министрлигинин чоң залында болот, дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.

USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы мамлекеттик саясатты колдоо боюнча гранттар программасы аркылуу Кыргыз Республикасында таламдардын кагылышуусунун институтун илгерилетүүдө өзүнүн өнөктөштөрү болгон жарандык коомдун, "Атуул" КБсынын, "Менеджмент боюнча консультанттар институту" КБсынын, "Промотанк Эн Пи" КФсынын демилгесин колдойт.

"Атуул" КБсы, "Менеджмент боюнча консультанттар институту" КБсы, "Промотанк Эн Пи" КФсы өнөктөш уюмдары Сиздердин коомдук талкуулоолорго катышып бергендигиңиздерге ыраазы болушат.

Чакыруу жана тегерек столдун күн тартиби ББПнын Фейсбуктагы баракчасында да бар: https://www.facebook.com/collaborative.governance.program