30-январь күнү ОшМУнун КЭУБ Ресурстук борборунда “Инновациялык чечимдер” КБсынын аткаруучу директору Гульнара Ибраеванын “Homo Faber: иштеп жаткан адамдын келечектери” темасындагы мейман лекциясы болуп өттү. Мейман лекциясына 30дан ашык студент, “Smail.kg” жана ISEDA коомдук фонддорунун өкүлдөрү, ошондой эле Ош жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин 5 окутуучусу катышты. Лектор жашоо-турмуштун учурда кесипкөй болуу чөйрөсүндөгү өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү, ал жалпысынан “эмгек” деген түшүнүктүн аныктамасына карата түрдүү мамиле кылууларга өзгөчө көңүл бурду. Лекциянын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы учурдагы кырдаал, аны өнүктүрүүнүн келечектери жана башка өлкөлөр менен салыштырма талдоо жүргүзүү тууралуу билишти. Өз кезегинде, студенттер өздөрүнүн пландары жана келечектеги карьерасын куруу долбоорлору менен бөлүшүп кетишти.

Мейман лекциясы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ОшМУнун КЭУБ Ресурстук борбору тарабынан өткөрүлдү.

1

“Инновациялык чечимдер” КБсынын аткаруучу директору Гульнара Ибраева ОшМУнун студенттери менен окутуучуларына эмгек деген эмне жана эмгектенген адамды келечекте эмне күтүп тураары тууралуу айтып берүүдө

2

Студенттер лекторду берилүү менен угушууда, суроолорун беришүүдө жана кийинкиде колдонуу үчүн пайдалуу маалыматтарды көбүрөөк алууга аракет кылышууда

3

Лектор Гульнара Ибраева жолугушуунун катышуучуларына эмгектенүү жана өзүң менен дайыма иштөө гана адамды жогорку жетишкендиктерге алып келээри жөнүндө айтып берүүдө