Печать

2017-жылдын 3-4-мартында “Youth of Osh” КБсы онлайн картага киргизилген 27 муниципалдык жана менчик кызматтын өкүлдөрү үчүн сайтты администрациялоо боюнча семинар өткөрдү. Оштун жашоочулары эми онлайн кайрылуу картасы аркылуу 27 муниципалдык жана менчик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын 20-февралындагы № 36 токтомуна кол койду, ага ылайык 27 шаардык кызмат, ишкана, дирекция жана мамлекеттик түзүм Ош шаарынын жашоочуларынын онлайн кайрылууларын кабыл алуу боюнча www.map.oshcity.kg платформасына киргизилди.

Анын айтуусу боюнча “Ош шаарынын калкынын онлайн кайрылуу картасы” бир жыл иштеген убакыттын ичинде платформа өзүнүн натыйжасын берди.

“2016-жылы биз www.map.oshcity.kg платформасын ишке киргиздик, ал жакка Ош шаарынын калкы кайрылууларын жазып, үйдөн чыкпастан коммуналдык-чарбалык проблемаларын чече алат. Эми марттан баштап, биз бардык шаар куруу, социалдык кызматтарды жана ишканаларды камтыдык. Алардын саны азыркы учурда картада 27. Жеке мен жана мэрия үчүн бул карта мониторинг катары кызмат кылат жана кызматтар проблемаларга канчалык жооп кылып, аларды кыска мөөнөттүн ичинде чечет деген суроого жооп берет”, - дейт онлайн кайрылуулар боюнча аппараттык кеңешмеде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

Бул платформа USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.

Кыйла кененирээк долбоордун координатору Бегимай Бекболотова менен Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаровдун видео интервьюсун караңыз: https://www.youtube.com/watch?v=5DZL0kYWOV0

Photo 1 Youth of Osh training of municipal servants March 3 4 IMG 9815

Онлайн картага киргизилген 27 муниципалдык жана менчик кызматтын өкүлдөрү үчүн сайтты администрациялоо боюнча семинардын катышуучулары

Photo 2 YOO PR Manader of Osh Mayor Office Талантбек Канатбек уулуIMG 9668

Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланышуу боюнча кызматынын жетекчиси Талантбек Канатбек уулу “КР жарандарынын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” айтып берүүдө

Photo 3 YOO Osh city Road Management Specialist Жумабай Койчубаев IMG 9740 копия

Ош шаарынын мэриясынын шаар жолдору башкармалыгынын адиси Жумабай Койчубаев www.map.oshcity.kg сайтын башкарат жана шаар жолдорунун жана тротуарлардын абалы боюнча шаар тургундарынын суроолоруна жооп берет

Photo 4 YOO seminar participants from 27 services and businesses IMG 9684 копия

Кызмат көрсөтүүлөргө онлайн кайрылуу үчүн 27 шаардык жана менчик кызматтын өкүлдөрү үчүн практикалык семинар

Просмотров: 1244