2014-жылдын 4-июнь күнү Кыргыз улуттук университети университеттердин Консорциумунун өкүлдөрү менен кызматташтыкта жана USAID менен анын өнөктөшү – Джон Хопкинс Университетинин финансы колдоосу менен "Кыргызстандын жарандык коому теория жана практикада" аталышындагы биринчи жыл сайын өтүп туруучу коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу конференциясын ийиликтүү өткөрдү.

Фото: ЖКУ, Университеттер Консорциуму, Джон Хопкинс Университетинин жана жеке сектордун өкүлдөрүнөн турган "Кыргызстандын жарандык коому теория жана практикада" аталышындагы биринчи жыл сайын өтүп туруучу коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу конференциясынын катышуучулары

Президенттин аппаратынын, Билим Берүү Министрлигинин, USAIDдин, жарандык коом жана жеке менчик секторлорунун жана маалымат каражаттарынын 130дан ашуун өкүлдөрү Кыргыз экономикасын жана социалдык кызматтарын жакшыртуу үчүн мамлекет-жеке менчик-жарандык секторлорунун шериктештигин жакшыртуу үчүн талкууга платформа катары иштеп берген конференцияга активдүү катышып беришти. Президент Аппаратынын Этникалык, Диний Саясат жана Жарандык Коом менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы, Мира Карыбаева, өзүнүн билдирүүсүндө: "Aкыркы изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 250000 адам – Кыргыз Республикасынын калкынын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 12% учурда жарандык коом уюумдарында иштеп жатат. Акыркы мезгилге дейре ЖКУ демилгелеринин дерлик бардыгы гранттар аркылуу донорлор тарабынан колдоого алынганы менен сырткаркы колдоо акыркы учурда бир топ кыскарды. Ошондуктан, Президенттин Аппараты мамлекет-жеке менчик-жарандык секторлорунун шериктештик механизмин жакшыртууга багытталган өнөктөштүктү жана аракеттерди колдойт," деп айтты. Рая Кадырова, Сейнеп Дыйканбаева, Асыл Айтбаева, Галина Чиркина, Аида Курбанова жана Мырза Каримов сыяктуу ЖКУлардын лидерлери жана Нурбек Элебаев жана Нурбек Атаканов сыяктуу жеке менчик секторунун өкүлдөрү панель талкууларында катышып, үч сектор ортосундагы өнөктөштүктү жакшыртуу боюнча өздөрүнүн көз караштары менен бөлүштү. Конференциянын катышуучулары о.э. коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча окуу программаны академиялык системасына киргизүүнүн мааниси зор экендигин баса белгилешти.

Конференция ар кандай көз караштарды ийгиликтүү чагылдырып, Кыргыз Республикасында экономикалык жана социалдык өнүгүүгө жетүү үчүн мамлекет - жеке менчик - жарандык секторлорунун шериктештигин мындан ары өнүктүрүү муктаждыгы бар экендиги боюнча бир бүтүмгө алып келди. Кошумча маалымат http://bishkek.usembassy.gov/pr-060314b.html жана/же www.university.kg шилтемелеринде берилген.

Фото: (Солдон оңго карай) Кевин Дин, Миссиянын Директорунун орун басары, USAID Кыргыз Республикасы; Мира Карыбаева, Президент Аппаратынын Этникалык, Диний Саясат жана Жарандык Коом менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы; жана Роза Сарымсакова, КУУнун Ректорунун орун басары, "Кыргызстандын жарандык коому теория жана практикада" аталышындагы биринчи жыл сайын өтүп туруучу коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу конференциясын ачып берди

Фото: Конференциянын алып баруучусу (модератор) жана КЭУБ Ресурс Борборунун координатору, Ырыс Бейбутова 4-июн күнү конференция катышуучулары менен өзүнүн ачылыш сөзүндө учурашып жаткан кези